Бабанов УКМКга суракка чакырылды

Мезгил

Кечээ, 19-августта “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына сурак берди.

Ошондой эле Бабанов 20-август күнү 15:00гө УКМКга суракка чакырылганын журналисттерге билдирген. Ал сурактын “Он Адыр маселелери боюнча болуусу мүмкүн” деп айтты.  

УКМК буга чейин Бабановго эки кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Биринчиси “2017-жылы шайлоонун үгүт иштеринде эл алдында сүйлөгөн айрым сөздөрү мыйзамга каршы келет” деген негизде болсо, экинчиси “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айыптар тагылган.

Эске салсак, УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын 8-августта эскерткен.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *