Бабановду бийлик эми эстедиби?

  Мезгил

 Өмүрбек Бабановду Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгына (Финпол) «конокко» чакырышыптыр. Ал жерде Бабанов күбө катары сурак берип жаткандыгын мекеменин маалымат катчылыгы тастыктады. Сыягы «Кыргызстан» АКБсы боюнча сурак берип жатат деген маалыматтар айтылууда.

Ал эми анын Он-Адырдагы өзбек улутундагы элдерди жыйып алып, «Тизе бүгүп жашаганча тик туруп өлгөн жакшы» деген сөзү боюнча козголгон 2 кылмыш ишине кезек жете элек окшойт. Ошол жыйында сөз алган бир өзбек улутундагы аксакал «Мен бул кишини (ред. Өмүрбек Бабанов) батиңкесинен өпкөнгө даярмын» деген жерлери бар. Ал киши Бабановдун батиңкесинен өптүбү же башка жеринен өптүбү маалыматка эгедер эмеспиз. Бирок элди ушундай денгээлге чейин козутууга жетишкен Бабановго али күнгө чейин чара колдонула элек.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *