Бабановго 25 суроонун 8и эле берилди, 17 суроо али “запаста” турабы?

  Мезгил

2017-жылдагы президенттик шайлоонун дебатында талапкер Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Бабановго “Балапан, менин сага бере турган 25 суроом бар” деген учурда, ал “мени балапан” дебеңиз деп чычалап кеткен. Көрүүчүлөр көптөн бери президенттин “балапанга берчү 25 суроосу качан берилет?” деп күтүп келишкен.

Көрсө суроолорду узатчу мезгил деле алыс эмес экен. Жакында сыртта жүргөн Өмүрбек Бабанов мекенине кайтып келди эле, президент камдап койгон 25 суроосунун 8ин эле четинен чыгарды. Бабанов болсо буларга жооп берүү оңойго турбасын билип калып, жооп берүү үчүн даярданып келейин деп, сыртка кайра чыгып кетти.

Ошентип президенттин “балапанга” болгон 25 суроосунун 8и эле берилип, калган 17 суроо азырынча “запаста” калды окшойт. Эске сала кетсек Бабановго карата 8 кылмыш иши козголбоду беле?

Булак:Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *