Байболов: Парламенттик башкарууга өттүк деп жар салышты, бирок киргизгендери минтип кризиске такады

Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча Баш мыйзамга өзгөртүүнү караган референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору коомчулуктун кызуу талкуусунда. Биз социалдык тармактарда аттуу баштуу жарандарыбыздын ой пикирине саресеп салып көрдүк.  

Кубатбек Байболов: Эл парламенттик системаны колдосо жаңылбайт

Ушул эле конституциянын чегинде шайлоо тартибине, партиялык системага өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен  максатка жетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Мындай пикирин мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов билдирди.

Анын айтымында партиялардын сапатын жогорулатуу үчүн, партиялардын ички демократиясын, ал эми шайлоо маалында праймериз системасын, камыз кылып көздөгөн максатка жетүүгө болот.

-Президент нечен ирет парламенттик демократия багытынан чыкпайбыз деп айткан жери бар эмеспи. Демек эки анжылыктан арылабыз деген далалат болгон болсо, ушул эле конституциянын чегинде шайлоо тартибине, партиялык системага өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен  максатка жетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бери дегенде тизмедеги талапкерлерге шайлоочу ачык-айрым добуш берүүсү, бир округ эмес өлкө 9 же 13 округка бөлүнүүсү камсыз болгондо, депутаттардын сапаты кескин жакшырганы жатпайбы. Ал эми партиялардын сапатын жогорулатуу үчүн, партиялардын ички демократиясын, ал эми шайлоо маалында праймериз системасын, камыз кылганда жана ушул сыяктуу бир топ өзгөртүүлөрдү киргизгенде көздөгөн максат эч драмасыз эле ишке ашмак да-деп жазат Кубатбек Байболов.

Өлкөнүн мурдагы башкы прокурору эл парламенттик системаны колдосо жаңылбасын айтып, өткөнгө кайрылып, тактап айтканда  2007 жылы бир топ окумуштуулар менен бирдикте жаны конституциянын долбоорун парламентте баяндама жасаганын билдирет.

-ММКда басылган. Долбоор илимге негизделип, демократиялык институттар, процедуралар кенири түптөлгөн эле. Депутаттар көңүл кош угумуш болушуп кайдыгер болуп коюшкан. Өмүрбек укам, Кубат аке бул башкарууга өтүү али эрте, -деп каршы болгон. Үч жыл өтүп-өтпөй шатыра -шатман парламенттик башкарууга өттүк деп жар салышты, бирок киргизгендери ит ашы кара-быламык болуп, минтип чексиз кризиске такады. Эсиңиздерде болсо ушундай болоорун эскертсем, кулак салган жан болгон эмес-дейт Кубатбек Байболов.

Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты иш жүзүндө шайлоонун табиятын өзгөртсөк, көздөгөн максатка кыйла жакындамакбыз. Ал эми чоооң өзгөрүүнү көздөсөк ири модернизациялык долбоор керек болот. Ага жетээрибизге күмөнүм  чоң –деп кошумчалайт.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *