Бакетаев: Андай болсо, мен жок дегенде он киши топтоп алып өкмөт үйүнө барып түкүрөм

Мезгил

Мен айтып коёюн, эгерде өкмөт эреже бузууга айыппулдарды арзандатса, мен жок дегенде он киши топтоп алып барып өкмөт үйүнө түкүрөм. Көп болсо миң сомдон төлөйт экенбиз. Бул тууралуу саясий серепчи, вице-мэри Алмаз Бакетаевдин бир тууган агасы Бакыт Бакетаев билдирди.

– Табиятынан таптаза эл болбойт, аларды таза кылган ошол мыйзамдар. Бизде Европа өлкөлөрүндө эч ким мыйзам бузбайт деген пикир калыптанып калган. Бирок анын баары өтө жогорку суммадагы айыппулдарга байланыштуу.  Бизде болсо баары жаңы киргизилген мыйзамга каршы чыгып жатышат, бир туруп ойлоп кетесиң, эмне булар баары  түкүрөбүз деп жатышабы  деп.

 

Мага министрлер кабинетинин айыппулду азайтканына нааразы болгон жарандар кайрылышууда, алар баары тең мыйзам күчүнө кирээри менен айлана тегерек тазара түшкөнү билинип калганын айтышууда. Эгерде биз сурамжылоо кыла турган болсок, анда алар айыппулдун керек экендигин айтышат-деди Бакетаев

Ушул жылдын 17-январь күнү Жогорку Кеңештин жыйынында 2019-жылдын 1-январынан тарта колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөт маалымат берген. Анда, вице-спикер Мирлан Бакиров өкмөт калктын капчыгына чак келбеген жогорку айыппулдун бекитилгендигине нааразы болду. «Идея жакшы, бирок айыппулдун көлөмү маянанын өлчөмүн эске албай бекитилген», -деген.

Буга жооп кылып вице-премьер-министр Жеңиш Разаков түкүрүк үчүн айыппулду киргизүү Сингапурдун тажрыйбасынан алынганын айткан. Бирок, айыппулдун суммасын бекитип жатканда өкмөт Кыргызстан менен Сингапурдун орточо айлык акыларын салыштырган эмес.

Жеӊиш Разаков маалымат жыйыныда Өкмөт учурда түкүрүк үчүн айыпты чылым чегүү беренеси менен теңөөнү ойлонуп жатканын айткан.

-Депутаттардын демилгеси менен Кодекске киргизилген түкүрүк тууралуу пункт 71 беренени бузат. 5,5 миӊ сом, бул сумма таштандыны өрттөгөнгө толугу менен туура келет деп эсептейбиз. Бирок кодексте коомдук жайда чылым чеккендер үчүн да айып бар. Учурда түкүрүк үчүн айыпты чылым чегүү беренеси менен теңөөнү ойлонуп жатабыз. Бул жерде айып пул – 1 миң сом,  -деген Разаков.

Буга чейин Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жаш муундарды тарбиялоо, аларга үлгүлүү жүрүм-турумду калыптандыруу ар бир улуу муундун милдети экенин билдирип, түкүрүккө салынган айыпты кайра карап чыгуу зарыл экенин белгилеген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *