Бакиев биздин президент, же окуу куралындагы дагы бир шалаакылык

   Мезгил

9-класстар үчүн жазылган “Кыргызстандын тарыхы” окуу китебинде өлкө башчысы катары Курманбек Бакиевдин фамилиясы жазылган текст жүрөт. Китепти М.К.Иманкулов жазган. Анын баш сөзүндө: “Бүгүнкү күнү жаш демократиялуу мамлекеттин президенти К. Бакиев республикадагы жарандык жана улут аралык ынтымакты сактоо үчүн көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүдө жан үрөп иштеп жатат”, – деп жазылган.

Курманбек Бакиев Белорусияда жашап жатса да аны Кыргызстандын президенти деп атаган жазуулар кээ бир жерлерде кезигип калат. Маселен ал кишинин өлкөнү бийлеп турган учурда теле тармагын санариптештирүүгө өткөрүү боюнча алгачкы кадамдар жасалып, чек арада жашаган Баткен облусунун тургундарына Кыргызстандын теле берүүлөрүн көрсөтүү боюнча 50 миллиондук долбоор ишке ашкан. Алгачкы ресиверлер 2008-жылдары Баткен облусунун жашоочуларына таратылып, аны иштеткен учурда “Өлкөнү санариптештирүүгө өткөрүү идеясы Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Салиевич Бакиевге таандык” деген жазуу 2015-жылга чейин чыгып турду. Кийин Кыргызстандын жалпы аймагы санарип системасына толук көчкөндө гана бул жазууну араң өчүрүп кутулушту.

Албетте бул Билим берүү министрлигинин окуу китептерин бастыруудагы биринчи чыр эмес. Окуучулар үчүн жазылган китептердеги каталар жөнүндө буга чейин бир нече жолу жазылган. Эми мурдагы президент менен учурдагы президентти алмаштырып алган, же эскирген текстти карабай туруп басмага берген авторго кандай чара колдонулат экен? Же бармак басты, көз кысты болуп жазасыз кала береби?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *