Бакиев менен Отунбаевага, экс-акимдер Чыныбаев менен Кененбаевге Айжан Чыныбаеванын кандай туугандык байланышы бар?

     Мезгил

     Соңку убакта интернет менен социалдык түйүндөрдө Айжан Чыныбаева аттуу айымдын жылдызы жанууда. “Бир Бол” партиясы аркылуу депутаттыкка аттанган Айжан Чыныбаеваны ким дебейсиңерби? Кеттик эмесе, Айжан айымдын өздүгүнө учкай сүртүм сүртүп көрөлү. Айжан Чыныбаева кадимки экс-хан айым Роза Отунбаеванын Сокулукка турмушка чыккан бир тууган сиңдисинин кызы. Атасы Сокулуктун мурдагы акими Адамкалый Чыныбаев болсо, кайын атасы да жөн адам эмес. Ысык-Атанын мурдагы акими Болот Кененбаев экенин көпчүлүк биле бербейт.

Айжандын жубайы Арслан Кененбаев белгилүү бизнесмен, “BNC Finance” каржылык компаниясынын аткаруучу директору, бир тууган кайын сиңдиси Айжан Кененбаева мурдагы президент Курманбек Бакиевдин келини, Максим Бакиевдин жубайы экени белгилүү. Көрдүңөрбү, булардын туугандык чырмалыштарын? Айжан Чыныбаева өзү өтө активдүү жаран, англис тилинде түш жоруйт, Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетин аяктаган. 1978-жылы баш калаада туулуп, азыр жаш көрүнгөнү менен 40 жашта экен. Биздин булактардын айтымында 3 баланын энеси. Айжан Чыныбаева Бишкектеги «Club Dostuk Hotel» мейманканасынын, «Prego» ресторанын, Ысык-Көлдөгү «Talisman Village» мейманканасынын ээси. Азыр Норвегия мамлекетинин Кыргызстандагы ардактуу консулу болуп дайындалган. Кыскасы жөн кыз эмес, кыргыздын кыйын кызы экен.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *