Мирлан Бакиров: Жашоосуна нааразы болгондорду Памирге жөнөтүш керек

Мезгил

Кыргызстандагы жашоого нааразы болгондорду Памирге жөнөтүш керек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште вице-спикер Мирлан Бакиров айтты.

-2012-жылы дүйнөнүн чокусу аталган Улуу жана кичи Памирдеги  боордош этникалык кыргыз элинен барып 2013- 2014-жылдары   экспедициянын башында болуп барып, жеринде көрүп кабар алып келгенбиз. Андан бери бир топ жыл  өттү. Мамлекет, өкмөт тарабынан колго алаарлык жумуш болуп жатат десем, жаңылышпайм. Бүгүн аз да болсо ошол үй бүлөлөрдү көчүрүп келип, жайгаштырып кыргыз мамлекети кыргыз эилинин кайсы жерде болсо  дагы оор учурда жардамга колун сунуп жардам бере ала тургандыгын көрсөттү. Ал жерлеги жашоонун оордугу, кыйындыгы массалык маалымат каражаттарынан, тарыхый барактардан көрүнүп турат. Мен айтат элем Кыргызстанга бүгүнкү реалдуу турмушка нааразы болгондор болсо ошол жерге бир жумага жолодомо берип жөнөтүш керек?- дейт Бакиров.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *