Бактыбек Калмаматов: Кээ бир уйгурлардын Кытайдан Орусияга товар ташып, акча таап жатканын Матраимовго жаба бербеш керек

Мезгил

Айрым бир уйгурлардын Кытайдан Орусияга товар ташып, орто жолдо акча таап жатканын бир гана Матраимовго жаба бербеш керек. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов билдирди.

Анын айтымында 29-май күнү Азаттык үналгысы даярдаган иликтөөдө эч кандай жаңы маалымат жок. Бул маалыматтар бир жыл мурда басма сөздөрдө жарыяланган. Ал гана эмес бул тууралуу Эдил Байсалов  видео кайрылуу жасаган.

-Азаттыктын кечээ чыккан маалыматтында эч кандай жаңы жаңылык жок. Бул тууралуу Эдил Байсалов Атамбаевге видео кайрылуу кылып жообун сураган. Ал эми  Кыргызстандан жылына 6 млрд. доллардай акча чет жакка чыгып турат. Башкача айтканда, кээ бир уйгурлардын Кытайдан Орусияга товар ташып, орто жолдо акча таап жатканын бир гана Матраимовго жаба бербеш керек. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев — бажыдагы коррупциялык схеманын автору. Ошондуктан, Матраимов тууралуу Атамбаевден башка нейтралдуу адам айтса, чындыкка жакын кабыл алынмак -деди Бактыбек Калмаматов.

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутатынын айтымында коомчулук  азыр бир нерсени күтүүдө. Анткени мындан бир топ күн мурда  Райымбек Матраимов кайрылуу жасаган, анда ал дагы өз айта турган сөзү бар экенин билдирген.

 -Жакында Райымбек Матраимовдон дагы жооп угуп калышыбыз мүмкүн. Анткени бул иш 2011жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта болуптур. Ошон үчүн ошол мезгилдеги өлкө башчысы конституциянын гранты катары өлкөдөн чыгып кеткен 700 млн. доллар үчүн Алмазбек Атамбаев жооп бериши керек-деди Калмаматов.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *