Бактыгүл Жээнбаева “айылчы” министрлердин катарын толуктайбы?

   Мезгил

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети “КРнын 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылга карата прогноз” мыйзам долбоорун Бактыгүл Жээнбаеванын айынан 22-октябрь күнү карай албай калды. Министр айым бейшемби күнү гана болору тууралуу министрдин орунбасары Алмаз Азимов билдирди. Ал АКШга Дүйнөлүк банктын жыл сайын өтүүчү жолугушуусуна командировкага кетиптир.

Депутат Алтынбек Сулайманов мыйзам долбоорун министр келгенде гана караш керек десе, Аалы Карашев ага макулдугун билдирди. Бирок өкмөт жылына 2 жолу гана ЖКнын босогосун аттайт, биринчиси – бюджет кабыл алынганда, экинчиси – премьер- министр отчёт бергенде деген нааразычылыктар айтылды.

Бакыт Төрөбаев болсо “2018-жылдын бюджети аткарылган эмес, МБК менен МСКнын жетекчилерин киреше бөлүктү толтурбагандыгы тууралуу жумуштан алышты. Жоопкерчилик кайда?” – деди. Ошондой эле өлкөнүн экономикасы өспөй жаткандыгын айтып, 2020-жылы республикалык бюджет аткарылбай калса мыйзам нормасынын 19-1-беренесине өзгөртүү киргизүүнү комитетке сунуштаарын билдирди. Бул өзгөртүү киргизиле турган болсо 2020-жылда киреше жана чыгаша бөлүмүн аткарбаган учурда жана бюджеттин жетишсиздигин чектелген бөлүктөн ашырып жиберген учурда өкмөт отсавкага кетиши керек.

2019-жылдын бюджети 6,2 миллиард сомго аткарылбай калган. Ал эми финмин Бактыгүл Жээнбаева качан болору тууралуу ЖК аппараты телефон чалып сурап, анан депутаттар жыйналышта маселени күн тартибине алып чыгышпайбы дейсиң да? Же Бактыгүл Жээнбаева “айылчылаардан” алдың парламентке чалып, иш боюнча күн тартибин тактап албайбы? Же булардын орун басарлары, аппарат кызматкерлери жок дегенде 1 апталык иш планын алдын ала түзгөндү, зарыл иштер боюнча башка ведомстволор менен алдын ала сүйлөшүп, макулдашып, иш алпарганды билишпейби?

Бул Бактыгүл Жээнбаеванын биринчи жолу ушинтип жаткан кербези эмес. Өткөндө ЭКККБнын сурагына барбай президент менен Арменияга ЕАЭБ жыйынына учуп кеткен. Парламент депутаттары да кызык, Жээнбаеванын бар-жоктугун алдын ала тактап алып, анан маселе көтөрүшпөй, убактыларын текке кетиришкенге уста болуп бүтүшкөн.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *