Бакыт Калмуратовду кызматынан четтетишти, Кашкар Жунушалиевди неге четтетишпейт?

   Мезгил

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду кызмат ордунан четтетип турууну чечти. Абылгазиевдин пикиринде Бакыт Калмуратовдун дарегине карата айтылган иштерди укук коргоо органдары текшерип, адилет жана калыс жыйынтык чыгаруу үчүн бул кадамга барган. Ал эми ал кандай болгон териштирүү экендиги тууралуу өзүнчө айтып берели.

Албетте премьер-министр туура, адилет чечимге барыптыр. А бирок Кой-Таштагы окуялардан соң ИИМдеги 2 генерал тирешип, бири үй камагына алынса, экинчиси камырабай эле ордунда иштеп жатат. Курсан Асановдун жактоочусунун жогорку бийликтегилердин эшигин каккылап, ЖМК аркылуу үнү бүткөнчө жар салып, “Тергөө адилет жана калыс жыйынтык чыгаруу үчүн Кашкар Жунушалиев кызмат ордунан четтетилип турушу керек” деген талабы эске алынбай келет. Же мыйзам машинеси министрлерге келгенде иштебей калып, аппарат башчысынын орун басары сыяктуу майда чиновниктерге келген учурда иштеп калабы?

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *