Бакыт Керимбеков: 9% босого үчүн болгону 135 миң добуш керек

    Мезгил

Жогорку Кеңешке өтүү үчүн 9 пайыздык босого чегин ылдыйлатуу боюнча талашып-тартышууга эч кандай негиз жок. Анткени сөз партиялар үчүн олуттуу цифраны жаратпаган 135 миң шайлоочунун добушун алуу жөнүндө жүрүп жатат – деген пикирин мурдагы депутат Бакыт Керимбеков билдирген.

Мурда, мен депутат болуп турган кезде, отчёт шайлоочулардын тизмеси аркылуу берилчү. Бүгүнкү күндө мындай норма жок. Азыр отчет шайлоого добуш бергендердин саны боюнча алынат. Бизде баардыгы 3 млн шайлоочу катталган. 9% эски эреже боюнча 270 миң шайлоочуну түзмөк. Бирок бүгүн отчёт шайлоодо добуш бергендердин саны менен алынгандыктан, шайлоого тизмедеги шайлоочулардын жарымы эле келерин эске алганыбызда, башка цифра чыгат. Тактап айтканда 1,5 млн шайлоочунун 9% болгону 135 миң шайлоочуну түзүп калат. Бул сумма партиялар үчүн кеп эмес! Азыр акчанын жардамы менен мындан да көп добушту сатып алууга болот.

Мурда бизде 50% деген барьер бар эле. Ага ылайык шайлоого шайлоочулардын жарымы келбей калса, шайлоо өтпөй калды деп эсептелчү. Бүгүн андай норма жок, канча эл келсе да шайлоо өттү болуп эсептелинет.”, – деген Бакыт Керимбеков.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *