Бакыт ОРУНБЕКОВ: “Буларды кайсы идеология же кайсы платформа бириктирип жатат?”

Мезгил

-Бакыт мырза, күн сайын бир катар саясый күчтөр аламан жарышты утурлай биригүү жараяндарын жарыялашууда. Алдыңкы «Үчилтик» катары Текебаев, Сариев, Жанар Акаев башында турган партиялар биригишти. Бийликчил «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» партияларына да бир катар депутаттардын «үйүр тобу» корголоп калышты. Бул жараяндарга көз-карашыңыз кандай? Келечектерине баам сала аласызбы?

Парламенттик шайлоо алдында саясый партиялардын, алардын лидерлеринин, башка да саясатчылардын бир блокко биригиши мыйзам ченемдүү, жакшы көрүнүш деп ойлойм. Бул көрүнүш эң ириде демократиялык принциптердин иштеп жатышы деп билсек болот. Бирок, биздин практикада партиялар кандай максат менен биригип жатышат? Буларды кайсы идеология же кайсы платформа бириктирип жатат? Бул жагынан албетте, маселелер чыгат. Адатта, саясый партиялар бир блокко же бир күчкө биригип жатканда ошол партиянын программасы, адамдык, саясый принциптерине төп келгендиги үчүн биригишет. А бирок, биздин кыргыз коомунда саясый партиялардын, саясатчылардын биригиши башка, тагыраагы, 2-3 факторлор менен мүнөздөлөт. Маселен, биригип жатканда ким кайсы жактан, кай тараптан добуш ала-алышат? Бул жагы да чоң мааниге ээ. Азыр кайсы бир саясатчынын кайсы өрөөндө канчалык колдоосу, кадыр-баркы бар деген түшүнүк башкы планга чыгып кетип жатат.

Экинчиден, саясатчылардын кайсы бир партияга биригишинде акча маселеси да негизги пландарда турат. Шайлоонун жүрүшүндө оңой эмес каражат жумшалаарын айтып келе жатышат. Биз да байкап жүрөбүз. Кимдин канча каражаты бар экендигине карап да биригип жатышат. Биздикилер дал ушул 2 маселенин тегерегинде биригишет. Эртеңки шайлоолордо депутат болуп калуу кепилдиги бар дагы бир жагдайды эске алалы. Бул жерде бийликчил партияларга биригип, эртеңки күнү депутат болуп калуу мүмкүнчүлүгү бар экенине ишеним артып алышып да биригип жатышат. Жалпылап айтканда биригүүлөрдү биз улам-улам сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүү, парламенттин жаңы курамын жакшыртуу, депутаттардын билим деңгээлин, мыйзам чыгаруу дараметинин көтөрүү максатында биригип жатышса анда бул жагы колдоого татырлык деп айтсак болот.

–Текебаев, Сариев, Момбеков, Жанар Акаевдердин биригүү идеялары бир туунун алдында биригүүгө жол ачабы? Же шайлоого жетпей төртөө төрт башка жакты карап кетишеби?

–Баардык нерсени шайлоо процессинин жүрүшү аныктайт. Шайлоонун жүрүшүндө, ага даярдык болуп жаткан мезгилде кандайдыр бир шарттар же окуялар пландарды чукул өзгөртүүгө мажбурлашы, ар кандай тактикалык жолдор болушу мүмкүн. Биз билебиз, маселен, акыркы 15, 20 жылдан бери бир эле адамдын 4-5 партия менен депутат болуп жаткандыгын. Партиялардын документтерин же платформаларын карап көрсөңөр такыр айырмаланган жактары бар. Ошого карабай эптеп эле депутат болуп калуу максатында ошол партияга кошулуп, аракет кылгандарын көрүүдөбүз. Ошондуктан, бизде депутат болуп жаткан адамдардын саясый көз-караштары, саясый принциптери, партиялык ички тартиптер сакталбай кете берет. Ушул жагы биздеги көп партиялуулук системасын орнотуудагы өксүктөр деп айтсак болот.     

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *