Бакыт ОРУНБЕКОВ, саясый илимдердин кандидаты: “Парламенттин алтынчы чакырылышынын деңгээли өтө төмөн болду”

  Мезгил

  Биздин маектеш өлкөдөгү коомдук, саясый кырдаалды ар убак анализге алып, өз баасын берип турат. Бул сапар да азын-оолак соболубузга төмөндөгүдөй жообун узатты.

–Бакыт мырза, Жогорку Кеңештин азыркы алтынчы чакырылышын жеткени жети муштап отуруп акыры булар өз ишин аяктап, каникул, андан соң шайлоого карай ат салышканы туру. Бул аралыктагы парламент өкүлдөрүнүн иши сизди канааттандырдыбы?

–Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы парламент өкүлдөрү Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки эң начар, эң чабал чакырылыштагы депутаттардан болушту. Бул чакырылыштагы депутаттардын курамы, кесипкөйлүгү, жалпы деңгээли боюнча да өтө төмөн болду. Парламенттеги коалиция бир нече жолу куралып, бир нече жолу урады. Коалициялардын түзүлүшү, урашы дагы жалпы коомдук кызыкчылыктардан эмес, жеке кызыкчылыктардан, саясый интригалардан талкаланып, кайрадан кураштырылып жатты. Куралган коалициялар деле коалициялык биримдикти, бирдиктүү позицияларды, көз-караштарды карманыша алышкан жок.

Экинчиден, бир учурда 3 фракция, экинчи учурда азыр 2 фракция оппозицияда турушат. Ошол оппозицияда турушкан фракциялар деле өздөрүнүн оппозициялык тикелей милдеттерин аркалай алышкан жок. Ушул парламент шайланган 5 жылдын ичинде Кыргызстанда көптөгөн окуялар, кыйчалыштуу маселелер болду. Ар кандай чечимдер чыкты. Өзгөчө мурдагы президент менен азыркы өлкө башчыбыздын ортосундагы окуялар, өкмөткө караштуу, жалпы ички-тышкы саясатка байланыштуу маселелерде парламенттик оппозиция өздөрүнүн позициясын көрсөтө алган жок. Мына ушундай көрүнүш менен 6-чакырылыштын депутаттары жалпы журттун эсинде калышты.    

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *