Бакыт Шаршембиевдин ордуна Дастан Догоев сунушталды

   Мезгил

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчилигине Дастан Догоев сунушталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, анын талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөттү.

Эске салсак, Дастан Догоев учурда президенттин коомдук башталгычтагы кеңешчиси.

Андан мурун Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин буга чейинки төрагасы Бакыт Шаршембиев кечээ отставкага кеткен.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *