Бакыт Төрөбаев Аида Исмаиловага: Деңгээлиңиз жогорулабаптыр

   Мезгил

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлиги каралып жатат.

Жыйында депутат Бакыт Төрөбаев Аида Исмаилова эч бир суроого даяр эмес экендигин айтып анын деңгээли жогору эместигин айтты.

  -Сиздер бара жаткан кызмат бул жөн кызмат эмес. Ал жерде иштеш керек. Анан жөн эле ал жерге барып, креслого отуруп эле мен министрмин деп эле иштей берсеңер анда эч кандай жылыш болбойт. Биринчиден сиздер саясатчысыздар. Саясат жүргүзгүлө, интригадан алыс болгула, интригада жүрсөңөр, эч кандай силердин саясатыңар алдыга жүрбөйт. Сиз биздин кесиптешибиз болчусуз, беш жыл чогу иштеп калдык, бирок ушундай суроолорго сиздин жоопторуңузду угуп деңгээлиңиз чынын айтканда жогору болбоптур. Эч нерсеге даярданбаптырсыз-деди.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *