Бакыт Төрөбаев футбол боюнча Кыргызстандын курама командасын колдоого алуу керектигин айтты

Мезгил

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Бакыт Төрөбаев футбол боюнча Кыргызстандын курама командасын колдоого алуу сунушу менен чыкты.

Депутат Бакыт Төрөбаев акыркы мезгилдердеги Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жаратып жаткан ийгиликтерине, жеӊиштерине токтолду. «Курама команда Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп келет. Муну менен элдин биримдиги, ынтымагы бекемделүүдө. Дүйнө жүзүндө ар бир экинчи адам футболго кызыгат. Бул керек болсо идеологияга айланат»,- дейт эл өкүлү.

Б.Төрөбаев футбол адамдардын башын бириктирген оюн экенин, ал биримдиктин символу болуп калаарын айтып, мамлекет Кыргызстан элинин сүйүнүчү менен теӊ бөлүшүп, кыргыз курама комнадасын колдоого алышы керектигин баса белгиледи.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *