Бакыт Төрөбаев: Өкмөт, УКМК мыйзам долбоорлорун туздап-кууруп жейби?

    Мезгил

  Бүгүн депутат Бакыт Төрөбаев парламенттен катуу сүйлөдү. Ал ар кайсыл өкмөттүк түзүмдөр мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан менен, документтер өкмөттүк аппаратта чаң басып жатканын айтып сындады. Бизге алып келбейби тезирээк, келерки жылдын эсебинен кагаз сактаганга сейф сатып алып жүрбөйлү деди.

«Башкы прокуратура, УКМК, министрликтер абдан көп иш жасап, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгышыптыр. Ошол мыйзам долбоорунун баары азыр өкмөттүк аппаратта жатат. Эмне өкмөт ошол мыйзам долбоорлорун туздап-кууруп жейби. Тезирээк алып келбейби парламентке.

Бүгүн тергөөчүлөр ишке көмүлүп, жумушун аткара албай калышты. Иштер сейфтерге батпай калды. 2020-жылдын бюджетинен сейф сатып алабыз деп жүрбөйлү. Мына элдер канча нааразы болуп жатат.», деди эл өкүлү.

Анан Бакыт Төрөбаев тергөөчүлөрдүн иши боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү ноябрь айында алып кирүү боюнча өкмөт өкүлүнө тапшырма берди.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *