Бакыт Төрөбаев: Мен ЖЭБди жардырдымбы, же учак кулаттымбы?

Мезгил

Мен коррупцияга катыштымбы?  Же бир жерде ЖЭБди жардырдымбы, же учак кулаттымбы? Бул тууралуу Бакыт Төрөбаев массалык маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып билдирди

– “Өнүгүү Прогресс» фракциясы 2015-жылкы шайлоодо парламентке акча эмес, аброй менен келдик. Биздин партия берген 32 убаданын 20га жакынын аткарды. Мен дайыма саясатта болом, качан эл шайлабай калганда кетем. Келерки шайлоого карата абройлуу, эл үчүн иштеген балдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Анткени парламентке көп мандат менен келүүнүн аракетиндебиз.

 Ошондой эле эл өкүлү ага карата айтылып жаткан жөнү жок сындарга “мен мамлекетчил адаммын” деп  жооп берди

Өндүрүштө иштеп, жылына 200 млн сомго чейин салык төлөп жүргөнбүз, бул эл үчүн. Экинчиден, парламентке келип, эл үчүн бир топ мыйзам, өкмөттүн токтомдорун киргизгенбиз. Менин бүт аракетим эл үчүн. Коррупцияга катыштымбы? Бирөөңөр да айта албайсыңар. Же бир жерде ЖЭБди жардырдымбы, же учак кулаттымбы? Жок. Бирөө менин үстүмөн пара талап кылып жатат деп арыз жаздыбы? Жок. Мен мамлекетчил адаммын, – дейт депутат.

Төрөбаев буга кошумча, мамлекет үчүн ар дайым биригүүгө барып, сүйлөшүүлөрдү уюштуруп, программаларды ишке ашырууга даяр экендигин белгилеген.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *