Бала бакчалар качан иштей баштайт? Вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев жооп берди

 Мезгил

 Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев бала бакчалар качан иштей баштай тургандыгын айтты.  

 Ал  11-майда жумушка чыга баштасак, бала бакчалар качан иштей баштайт деген суроого жооп берди.  

Анын айтымында, 1, 11 жана 21-майда иштеп баштайт деген ишкана-мекемелерден тышкары, тизмеге кирбеген ишкана-мекемелер, анын ичинде билим берүү мекемелери, бала бакча, мектептер өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери алынгандан кийин иштеп баштайт.

“Ал эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Эгер 1-июнга карата абал турукташса, алар 1-июндан тарта иштей баштайт. Эгерде андан кийин маселелер боло берсе, алар кийинчерээк 10, 15-июнда же июль айында ачылат”, – деди ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *