“Баламдын тагдыры ушундай экен”. Бишкекте каза болгон Алинин атасы баласын өлтүргөн баланы кечирди

  Мезгил

Бишкекте сабалып каза болгон Нигериялык жаран Али Тижжани Абубакардын атасы баласын өлтүргөн баланы кечирди.   “Баламдын маңдайына жазылганы ушул экенда тагдырдын жазганынан эч ким качып кутула албайт экен.  Баламды урган баланын ата-энеси кечирим сурап келишти мен аларды кечирдим” дейт маркумдан атасы.

Баламдын тагдыры ушундай экен. Балким анын маңдайына Кыргызстандан өлөсүң деп жазып койгон. Ал жазмыштан эч кайда качып кутула албайсың. Баламды урган баланын ата-энеси кечирим сурап келишти.  Ал деле атайын кылган жок да. Макул болуп тосмо арыз жазып бердим. Менин 11 балам бар. Али үйдүн 4-баласы болчу. Алиден башка бир агасы азыр Кыргызстанда иштейт. Калган балдарым Нигерияда жашашат. Алинин артында бир кызы калды. Алар азыр Нигерияда. Кыргыз сотуна жана менин баламды өлтүргөн балага эч кандай доом жок. Дагы бир жолу айтайын баламдын тагдыры ушул экен”-дейт ал.

Эске салсак,  2-июлда социалдык тармактарда Бишкектин ортосунда жайгашкан “Айчүрөк” соода борборунун аймагында сабалган чет элдик жарандын видеосу тараган. Сабалган жаран Бишкектеги чет тил үйрөтүүчү мектептердин биринин директору, 1985-жылы туулган Али Тижжани Абубакар экени айтылган.

Бул окуядан улам өкмөт башчы чуулуу окуяга күнөөлүүнү тез арада кармоого ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, мыйзам жоопкерчилигине тартуу керек экенин белгилеген. Ал эми Нигерия жаранынын ден соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырган. Ал эми Нигериялык жаран комада эсине келбей жатып каза болгон.

 Бул кылмышка шектелип, 22 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган. Аны сот күнөөлүү деп таап 7 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *