Баласын сабаган кишинин өздүгү такталды. Аны милициялар кармап кетти

Мезгил

Баласын “отжимание жасабайсың” деп сабап жаткан кишинин өздүгү такталды.  

Маалыматка ылайык, ал Эмил Пирназаров, 35 жашта. Ала-Буканын Көк-Серек айылынан болот.  Учурда Москвада жашайт. Аны азыр милиция  кармап кеткени айтылды. Жубайы экөөнүн үч баласы бар. Сабалган бала анын ортончу баласы. Окутабыз деп Москвага алып кетишкен. Ал быйыл 1-класста окуп жаткан.

 Белгилей кетсек, интернет тармагына баласын “отжимание жасабайсың” деп сабап жаткан кишинин видеосу тараган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *