Балбак Түлөбаев: Биздин эки кызматкерден коронавирус аныкталды. Эл көп чогулган жерлерден качкыла!

  Мезгил

   Мэриянын аппаратында иштеген 2 адамдан  коронавирус аныкталды.  Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Биздин эки кызматкерден коронавирус аныкталды. Башкы бухгалтерибиз  үйүндө отпускада болчу.  Уюуштуруу бөлүм башчысы да үйүндө. Азырынча жеңил өтүп атат.

Калаа башчыбыз Азиз Суракматовдун   жана менин анализибиз таза чыкты. Ошого карабай Дүйшөнбү күнгө чейин жарандарды кабыл ала албайбыз. Аралыкта иштеп атабыз. Маска кийгиле, аралыкты сактагыла, санитайзер колдонгула. Жабык жерлерден, эл көп чогулган жерлерден качкыла. Көр оокат деп жүрүп кокустап калбайлы. Оору ылгабайт, эч кимди тандабайт. Абайлайлычы!-дейт Түлөбаев.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *