Балбак Түлөбаев: Гуля Алманбетованы кечирип койгулачы. Ага азыр өтө оор болуп атат

    Мезгил

Буга чейин Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова “Көп балалуу үй-бүлөлөрдү  жек көрөм” деп интернеттеги баракчасына жазып бул коомчулукта катуу сынга алынды. Аны интернет колдонуучулар жумуштан кетишин талап кылышууда.

Ал эми Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев фейсбуктагы баракчасына Гуля Алмамбетованын абалы оор болуп жатканын айтып, аны кечирип коюну өтүндү.

-Гуля Алманбетованы кечирип койгулачы. Актанбайм. Мени деле сөккөн. Айкөл эл эмеспизби. Ага азыр өтө оор болуп атат. Адамдык ахыбалы. Эки оору бир келсе ажалыңын жеткени дейт. Ага өтө оор болуп атат. Четинен ооруганы ооруп чогулуштан талып жыгылып атабыз. Актанбайм, доомат да койбойм. Суранам, кечирип койгулачы. Кийин териштирип алабыз. Азыр элдин оор жүгүн аркалайлы. Элди багалы. Мындайды көргөн эмеспиз. Нерв чыдабай кетип атат. Өзү деле кыйналып бармагын тиштеп жүрөт. Мен тогуз бир тууганмын. Ал да көп балалуу үй бүлөөдөн. Кетти андан бир катачылык. Бирок боорукер жан.

Баардык энелерден, көп балалуу үй бүлөөлөрдөн кечирим сурайбыз. Бийиктик силерде болсун-деди ал.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *