Балбан Каныбек Жолчубеков Украинада өткөн эл аралык турнирде алтын тагынды

Мезгил

   Кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубеков Украинада өткөн эл аралык турнирде  грек-рим күрөшү боюнча алтын тагынды.  Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

 Маалым болгондой,  Украинанын борбор шаары Киевде 10-12-май аралыгында өткөрүлгөн эл аралык турнирде Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалгыз Жолчубеков барган. 60 килограммга чейинки салмак ченинде жалпы 13 спортчу медалдар үчүн ат салышкан.

 Ал квалификациялык, чейрек жана жарым финалда украиналык, грузиялык, азербайжандык спортчуларды уткан.

 Ал эми чечүүчү кармашта дагы бир азербайжандык балбан Сакит Гулиевди 7:0 эсеби менен жер каратып, чемпион болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *