Балбан кыз Калмира Болгарияда өткөн дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты

Мезгил

Болгарияда өтүп жаткан күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Калмира Билимбек кызы финалга чыкты.

Ал 53 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашкан. Алгачкы баскычтарда Калмира Билимбек кызы Азербайджан, Дания, Болгария өлкөлөрүнүн спортчулары менен беттешкен. Анда ал оңой жеңишке жетип, жарым финалга өткөн. Жарым финалда казак балбанын туше менен жеңип алды.

Ал эми 2-август күнү Калмира финалдык беттеште кытайлык спортчу Жоажинг Ши менен алтын байге үчүн күч сынашып, финалга чыкты.

Кыргызстандык балбан кыз спорттук карьерасында расмий турнирде биринчи жолу финалга чыкты. Буга чейин ал, 2018-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло байге, жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында 5-орунду алган.

Ошондой эле кадеттер арасындагы Азия чемионатында 6-орунга илинген.

 

 

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *