Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт

    Мезгил

Хашим Зайналиев деген элдик “онколог” табып Кыргызстанга кайтып келген. Кечөө ал парламенттеги “баштапкы класстын мугалими” деп жүрүшкөн Евгения Строковага “рахматын” соц тармак аркылуу жолдоду. Табып “Фейсбукта” Строкованын “Вечерный Бишкекке” жарыяланган “Евгения Строкова про Эмиля Макимбетова: Хорошо, что его уволили” деген макаласын тиркеп да койгон. Ал эми Строкова Хашим Зайналиевдин постуна лайк баскан.

Табыптын Строковага болгон ыразычылыгы эмнеден улам жаралды? Эмил Макимбетов деген балдар-онкологу 5 жашар кызды табып Хашим Зайналиев киндигине укол жасап, кыйноо жолу менен дарылап келгендигин сындап чыккан. Кийин Зайналиевге башка иш козголуп, табыпчылык ишине тыюу салынып, өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми Эмил Макимбетов Батукаевдин иши боюнча айыпталып, жумушунан бошотулган. Ортодо Строкова пайда боло калып, “ВБга” Макимбетовго орулуу баланын ата-энеси донор табуу үчүн 10 миң доллар бергендигин айтып чыгып, аны жумуштан бошотулгандыгы туура болгон деген пикирин билдирген. Бул өз кезегинде Хашим Зайналиевдин чырагына май тамызып, Строковага ыразычылыгын “Фейсбук” аркылуу жолдойт.

Буга чейин Строкова парламенттен С гепатитине каршы эмдөө боюнча “вакцинаны” сатып алып, орулууларды дарылоо жөнүндө Саламаттык сактоо министрине сунуштаганын жазганбыз. Көрсө С гепатитине каршы эмдөө боюнча “вакцина” дүйнөдө жок экен. В гепатитине каршы эмдөө боюнча вакцина бар экендиги тууралуу дарыгерлердин айтканын келтиргенбиз. Строкова С гепатитине каршы эмдөөдө дүйнөдө жок вакцинаны Хашим Зайналиевден алабы?” деген макала жазып, оозубузду жыя элегибизде бул экөө “Фейсбук” аркылуу лайкташып кетип жатпайбы. Же балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт деген чын белем?

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *