Балыкчы шаарынын мэри болуп Марат Кудайбергенов шайланды

  Мезгил

Балыкчы шаарынын мэри болуп 25 жаштагы Марат Кудайбергенов шайланды. Бул тууралуу  Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалым болгондой,  мэрлик кызматка эки талапкер ат салышты. Аталган кызмат ордуна “Кыргызстан” фракциясы Мирбек Шакировдун, “Замандаш” фракциясы Марат Кудайбергеновдун талапкерлигин көрсөткөн. Шаардык кеңештин депутаттары шаар башчылыгына талапкерлигин койгон 2 адамга добуш беришти. Шайлоого шаардык кеңештин 31 депутаты катышты. Анын жыйынтыгында Марат Кудайбергенов 22 добушка ээ болуп, шаар мэри болуп шайланды.  

Белгилей кетсек, буга чейин Балыкчы шаарынын мэри болуп Алмаз Мамбетов иштеген. Ал 19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматына төрага болуп дайындалган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *