Балыкчыдагы бардактан Садыр Жапаров кабардарбы?

 

Мезгил

5-октябрдан кийинки өлкөдөгү түзүлгөн хаостон соң ар ким билгенин кылып, башаламандык барган сайын күчүнө кирүүдө. Өзгөчө кадрдык жаатта бул көрүнүш күч алып, мамлекеттик түзүлүштөн кабары жок, деңгээли пас кемпайлар жетекчилик орундарга жутунушканы аргасыз баш чайкатууда. Мындай көрүнүш шамалдуу Балыкчы калаасында да күч алып, 5-октябрдан соң аталган калаадагы айрым жээликкен жаштар (арасында сакалчандары басымдуулук кылат)

Арнабек уулу Азаматты шаар жетекчилигине көтөрүп чыгышканы, ушул күндөрү аны бекитиш үчүн Садыр Жапаровдун эшигин ,,жыртып” жатышканын кандайча түшүнөбүз? Көтөрүп чыккан кадры Азаматта мэрлик орун үчүн мыйзамда каралган талап, тажрыйба болсо мейли эле. Кызыгы бул эргул өмүрү мамлекеттик кызматта мурда-кийин иштебеген соң шамалдуу калаанын жетекчилигине жулунгандан айланабы? Же бир ууч топ көкөлөтүп мактап койсо эле деңгээлин карабай делөөрсүп, чамына береби? Уят да эй! Билим, бийик тажрыйба болсо го мейли эле.

Туурабы? Россияда мигрант катары иштеп жүрүп бүгүн түндүктөн түшкөндөй мэр болом дегенин кандай түшүнөбүз? Балыкчы калаасындагы сакалдуу-көкүлдүү аксакалдар ,,кой жигит, мэрликке мыйзамда каралган талаптарга шайкеш келбесең шүк отур” деп айтканга жарабай жатышканы кандай? Садыр Жапаровдун айланасы Балыкчыдагы кадрдык мындай башаламандыкка байкоо салбаса, чоң кыштакка айланып бараткан шамалдуу калааны көчөдөн келип жулунган кадрлар биротоле ашмалтайын чыгарып салышпайбы? Балыкчыдагы өпкөсү көпкөн жаштар револяциядан соң ,,сууканал” баштаган мамишканаларды басып алышып, өздөрүнүн кадрын коюшканы эле жетишпей жатабы? Күч органдарынын башына зөөкүр чалыш бирөө барып, Балыкчыдагы бардакты уюштургандардын желин чыгарып койбосо, буларың эгесин тааныбай эсире беришчүдөн. Уят эй!

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *