Банкоматтан акча алган аялды тоногон жаран кармалды

   Мезгил

Бишкекте банкоматтан акча алган аялды артынан аңдып, тоногонго шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министринен билдиришти.  

 Маалым болгондой, окуя өткөн айда болгон. Бул тууралуу видео үйлөргө орнотулган камераларга түшүп калган.

Анда белгисиз адам Тунгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн подъездинин жанында күч колдонуп аялдын баштыгын тартып алган. Анда 2 Samsung үлгүсүндөгү уюлдук телефон, 15 миң сом жана өздүгүн аныктаган ID-паспорту болгон. Жабырлануучунун тарткан жалпы чыгымы 30 миң сомду түзөт.

Учурда кылмышка шектүүнүн ушуга окшош кылмыштарга тийиштиги бар же жогу аныкталууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *