«Барселона» клубунун башкы машыктыруучусу Кике Сетьен кызматтан алынат

   Мезгил

«Барселона» клубунун башкы машыктыруучусу Кике Сетьен кызматынан кетет. Бул тууралуу аталган клубдун президенти Жозеп Мария Бартомеу жарыялаганын чет элдик басылмалар жазды.  

Маалыматка ылайык, машыктыруучунун иштөө мөөнөтү келишим боюнча 2022-жылы аякташы керек болчу. Анын ордуна  Рональд Куман, Маурисио Почеттино жана клубдун мурдагы футболчусу Хави талапкер болууда.

Белгилей  кетсек, «Барселона» жума күнү УЕФАнын Чемпиондор лигасынын чейрек финалында «Баварияга» 8:2 эсебинде утулду. Бул каталондук команданын 74 жылдан берки эң ири эсепте утулган оюну болду.

Акыркы жолу «Барселона» 1946-жылы «Севилияга» 8:0 эсебинде жеңилген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *