Башкы прокуратура: Атамбаевдин жансакчыларына коркутуулар болгон жок

Мезгил

Ушул убакта 7-8-август күндөрү Кой-Таштагы кагылышууда ээнбаштык жасагандарды жана атайын кызматтын аскерлерин барымтага алган Атамбаевдин тарапташтарына сурак жүрүүдө. Мындан сырткары мурунку президен Алмазбек Атамбаевди коштоп жүргөн жансакчылары да суракка чакырылып, тигил же бул кылмышытарга катыштыгы бары-жогу дыкат текшерилүүдө. Бул тууралу Башкы прокуратурадан билдирди.

Ошондой эле Атамбаевдин тарапташтарынын адвокаты Замир Жоошев Аскер прокуратурасы Алмазбек Атамбаевдин жансакчыларын «адамдарды барымтага алуу боюнча айып тагабыз» деп коркутуп жатканын айткан.

Бирок, башкы прокуратура жактоочунун мындай маалыматын четке кагып, Аскер прокуратурасы Атамбаевдин аскер адамы макамындагы жансакчыларынын тигил же бул кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин аныктоо үчүн алардын бардык аракеттерин толук, бейтарап изилдеп жатканын билдиришти.

Мындан сырткары жактоочу Замир Жоошевдин Атамбаевдин жансакчыларына коркутуулар болуп жатат дегени жалган. Жоошев коомго терс пикир жаратууга аракет жасап жатат. Бардык тергөө амалдары мыйзам алкагында жүргүзүлүп жатат. Буга жактоочу өзү катышып күбө болгонун кошумчалады прокуратурадан.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевден Жогорку Кеңеш кол тийбестикти алган менен, мыйзам боюнча ага карата айыптоочу өкүм чыкмайынча мамлекеттик кайтарууда болот. Андыктан, Атамбаевдин жанында УКМКнын 9-кызматынын эки кызматкери жансакчы катары акыркы мүнөттөргө чейин болгон.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *