Башкы прокуратура: Райымбек Матраимовго жаңы соттук териштирүү иштери башталды деген маалымат калп

Мезгил

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго жаңы соттук териштирүү иштери башталган жок. Бул тууралуу өлкөнүн башкы көзөмөл органы билдирди.

Андагы маалыматка таянсак, буга чейин айрым массалык маалымат каражаттары жазып чыккан Райымбек Матраимовго “мыйзамсыз баюу” беренеси менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды деген маалымат чындыкка төп келбейт.

-Кээ бир ММКлар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине буга чейин тактап айтканда  февраль айында катталып, каржы полициясы текшерүү жүргузүп жаткан ишти жаңы маалымат катары жазып чыгышкан. Райымбек Матраимовго эч кандай жаңы сотко чейинки териштирүү иштери башталган жок-деп билдирет Башкы прокуратура.

27-майда Финансы полициясы Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иши аяктап калганын маалымдаган.

13-май күнү Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек  Матраимов  видеокайрылуу таратып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дооматтарына жооп кайтарган. Анда Матраимов өзүнө жетиштүү байлыгы бар экенин жана ал эч качан мыйзамсыз иштерге барбаганын билдирген.

Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген.

Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Матраимов иштен мыйзамсыз алынган» деп тапкан. Кийин бул чечимди Жогорку сот күчүндө калтырган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *