Башкы прокуратура: Жарандарды кабыл алуу улантылууда, алар жаңы прокурордон үмүт артышууда

   Мезгил

Жарандарды кабыл алуу улантылууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.   

Маалым болгондой, бүгүн дагы өлкөнүн ар кайсы булуң-бурчунан жарандар көңүл түйшөлткөн көйгөйлөрүн башкы прокурорго жеке кабыл алуу учурунда жеткиришти.

Ошол эле маалда кайрылуу ээлеринин айрым суроолоруна дароо тийиштүү жооптор берилип жаралган маселени чечүү багыттары аныкталды.

Жарандар кабыл алуу ачык-айкын өткөндүгүн белгилеп, жаңы дайындалган башкы прокурор Зулушевден үмүт арттырарын билдиришти.

“Кайрылуулар менен иштөө прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналгандыктан жеке кабыл алуулар байма-бай жүргүзүлүп турмакчы”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *