Башкы прокурор: Журналисттер өз Мекенинин келечеги үчүн жоопкер экенин эстен чыгарбайлы

   Мезгил

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев  журналисттерди жана басма сөз кызматкерлерин 7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.  Куттуктоонун тексти төмөндөгүдөй.

            Урматтуу журналисттер жана басма сөз кызматкерлери!

        Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Маалымат жана басма сөз күнү менен өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын жалпы жамааттын атынан чын дилимден куттуктайм!

     Ааламдашуу доорунда басма сөз менен маалымат кызматынын, жалпы эле журналисттердин өлкө турмушунда, анын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык, маданий-руханий жактан өнүгүү жолунда ээлеген орду өзгөчө. Анткени, дүйнө өзгөрүүдө, аны менен кошо Кыргызстанда тынчтыктын, элдин ынтымагынын баасы ченемсиз өсүүдө. Демократиялык ачык-айкындуулук, сөз эркиндиги, маалымат алуу жана таркатуу укугу көптөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарынын алдына жаңы милдеттер менен заманбап талаптарды коюуда.

     Мына ушул ааламдашуу доорунда журналисттер чындыктан, калыстыктан тайбай, өз Мекенинин келечеги үчүн жоопкер экенин эстен чыгарбоого тийишпиз. Анткени, сөз өзгөчө кудурет-күчкө – жаратуучу да, кыйратуучу да касиетке ээ.  Ошондуктан сиздерден мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда объективдүү жана ар тараптуу болууну каалайм. Анткени, өлкөбүздөгү туруктуулукту, тынчтыкты жана биримдикти көздүн карегиндей сактоо – ар бирибиздин ыйык парзыбыз деп эсептейм.

              Кадырлуу калемгерлер!

     Сөз эркиндиги – өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири экени талашсыз, бирок эркиндик жоопкерчиликти жана калыстыкты талап кылат. Биз, мамлекеттин алдындагы жоопкерчиликти эске алуу менен күчтүү, эркин Кыргызстанды түзө алабыз деп ойлойм. Өлкөбуздөгү өзгөрүүлөр менен кайра курумдардын жүрүшүн жалпы элге жеткирип, алардын алкышына арзуу – чоң сыймык да, зор милдет. Мындан ары да дал ушундай жаратман демилгеңиздерден жазбай, өткөөл кезеңдеги өлкөнүн күрдөл турмушунда жаралып жаткан алгылыктуу саамалыктарды, жаңы жөрөлгөлөрдү таасын-так, калыс жана чапчаң жеткирүү озуйпасын ийгиликтүү аркалай беришиңиздерге тилектешмин.

  Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубат турмуш, чыгармачылык ийгилик каалайм. Бар болуңуздар. Калемиңиздер мокобосун!

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *