Башкы прокурор: ЖЭБти модернизациялоо жана жабдуулар Сапар Исаковдун көрсөтмөсү боюнча сатылып алынган

  Мезгил

Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар   насыянын пайдаланылышын териштирүү боюнча   Өкмөттүн маалыматы угулууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

  Жыйындын жүрүшүндө башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖЭБти модернизациялоо  жана   жабдуулар дагы Сапар Исаковдун көрсөтмөсү боюнча сатылып алынганын айтты.

 «Жылуулук электр борборунун 90 пайызын 50 миллион долларга модернизацияласа болмок, ага 380 миллион доллар кеткен», — дейт ал.

Өткүрбек Жамшитов, айыптуулар азыр өзүн баатыр катары көрсөткүсү келип жатканын белгиледи.

«ЖЭБтеги аварияда алар өлкөнү кырсыктан сактаганын айтышууда. 380 миллион долларга модернизация болгон эки жылыткыч блок кантип шаарды жылуулук менен камсыз кыла албай калды», — деди Башкы прокурор.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *