Баштык операциясыбы же генералдардын тирешиби?

Мезгил

Чуу жарткан кызыл баштык

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине багынып бергенден кийин кызыл баштыкты жактоочусу Сергей Слесаревге тапшырып коюуну өтүнгөн. Ал баштыктын ичинде үйүнүн жана жерлеринин документтери болгон. Кой-Таштагы жаңжалдын эртеси баштык изделип жатып калды.

Генералдардын тиреши

Чуулгандуу баштыктын айынанбы, же көрө албастыктын айынанбы, айтор “кызыл баштыктын ичиндеги баалуу буюмдарды Курсан Асанов алган” деген айып менен Курсан Асановду ИИМдин орун басарлык кызматынан алып түшүп, алтургай кылмыш ишин козголду. Өлкөдө адам өмүрүн алган, жүздөгөн адамдар жарадар болуп, алардын ичинен оор жаракат алган орган кызматкерлери да бар кырдаалга тушугуп турганда, күч түзүмдөрү “интрига” менен алектенип, генералдардын тиреши башталды.

Ал эми мурдагы укук коргоо кызматынын жетекчилеринин, саясий серепчилердин айтымында “Терең изилденбеген операциянын натыйжасында адам өмүрү кыйылып, жүздөгөн эл жабыркады. Укук коргоо органдарынын чабалдыгын, шалаакылыгынын айынан ушул кырдаалга келип отурабыз. Бул боюнча жетекчилик жоопкерчиликке тартылышы керек” – деген пикирлери массалык маалымат каражаттарында бай-бай айтылып жатат. Чындыгында күч түзүмдөрүнүн жетекчилери саясатка аралашып, кимиси кайсы кызматты аткараарын билбей калышканбы? деген суроо жаралат. Саясатташкан генералдар Атамбаевди алып чыгып жатканда сүйлөшүүгө бара жаткан Курсан Асановду ИИМ министри Кашкар Жунушалиев кол алдындагы кызматкеринин туура эмес иштерин эмнеге токтотуп койгон жок. Ал кемчилигин убагында байкабай, эртеси иш козгогонун кандай түшүнсө болот? ИИМдин жетекчиси катары болгон жоопкерчилик мойнунда эле, кызыл пакетке ошондо неге кызыгып, ошол учурда тактап койгон жок.

Баштык Слесаревдин колунда турса, Жолдубаеванын үйүн тинтишкени кандай?

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаеванын үйүн Аскердин прокуратуранын кызматкерлери  14-августта тинтүүгө алышты. Кундуз Жолдубаева кызыл баштык туурасында чуу жаралганда дароо билдирүү таратып, баштыктын ичинде документтер болгонун, аны Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревге тапшырганын айткан. Чуулгандуу баштык Слесаревдин колунда экени маалым болсо да Жолдубаеванын үйүн тинтүүгө алышканы кандай?

16-августта Атамбаевдин соттук ишине барган Кундуз Жолдубаева кайрадан кызыл баштык боюнча журналисттерге маалымат берди:

– Баштыктын ичинде документтер бар болчу. Ага эч ким көңүл бөлүп, сураган да эмес. Эртеси “кана пакет” болуп жатып калды. Анын айынан менин үйүмдү дагы тинтүүгө алышты. Ичинде бриллиант болгон дегендер да чыкты, бул логикага жатпаган нерсе. Баалуу нерсени ары-бери көтөрүп жүрмөк белек?”деди.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-август күнү эки күнгө созулган атайын операциядан кийин багынып берген. Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, аны 26-августка чейин камакта калтырып, 14 айып тагышкан. Ал эми мурунку президенттин жактоочулары Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча доо арыз жазышкан.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *