Баткен чек ара бөлүмү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Мезгил

Баткен чек ара бөлүмү кызматтын күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.  Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

 Белгилей кетсек, кечээ Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушунан Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан. Алар бири-бирин таш баранга алганы белгилүү.

Аларды тынчтандыруу үчүн чек арачылар асманга ок чыгарууга аргасыз болушту. Учурда абалды эки өлкөнүн чек арачылары жөнгө салууга аракет кылууда. Кырдаалдан улам жоокерлер күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *