Баткен: Чек арада атылган октон кыргыз жоокери каза тапты

Мезгил

Бүгүн, 16-сентябрда тажик тараптын атылган огунан Кыргызстандык чек арачы каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Анда, Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетине, андан соң Сай айылындагы бекетке ок атылганы айтылат. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон.

Тажик тараптын атылган огунан Кыргызстандын бир чек арачысы каза болду. Ок атуу 21:30дар чамасында токтогон.

Азыр абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрүүдө. Тажикстан кыргыз тарап Исфара менен Ворух анклавын байланыштырган жолго көзөмөл өткөрмө бекетин курганы жатканын билдирүүдө. Алардын айтымында, кыргыз тарап курулуш иштерин башташ үчүн төрт вагон да орноткон.

Ал эми кыргыз бийлиги тактала элек чек ара аймактарында курулуштарды жүргүзүү 2014-жылкы эки тараптуу макулдашууга каршы келери жана курулуштар мыйзамсыз жүрүп жатканын эскертип тажик тарапка расмий билдирүү берилген. Бирок Тажикстан тарап курулушту токтоткон эмес жана кайрылууларга да жооп берген эмес.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *