Баткен: Коомдук транспорттордун иштөөсүнө уруксат берилди

   Мезгил

Баткен облусунда район, шаар аралык коомдук транспорттордун иштөөсүнө уруксат берилди.

Мындай чечим облустук штабдын отурумунда кабыл алынган.

Маалым болгондой, айдоочулар жана жүргүнчүлөр бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды так сакташы керек.

Автотранспорт агенттигинин жетекчилигине коомдук транспорттордо санитардык норманы сактоо боюнча айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, автотранспортторду байма-бай дезинфекциялоо, алардын ишине такай рейддерди жүргүзүп туруу тапшырмалары коюлду. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *