Баткен. “Кулунду унаа жолу” көзөмөл өткөрүү түйүнү бир тараптуу жабылды

Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасындагы “Кулунду унаа жолу” көзөмөл өткөрүү түйүнү бир тараптуу жабылды. Бул тууралуу  мамлекеттик  чек ара кызматынан билдиришти.

 Маалым болгондой, өткөрүү жайынан Кыргызстандын, Тажикстандын жарандары кое берилбейт. Бирок чектөө үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок. кыргыз-тажик чек арасындагы башка түйүндөр кадимки режимде иштеп жатат.

 Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Анда Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *