Баткен облусунун прокурору болуп Абдибакыт Халмурзаев дайындалды

  Мезгил

Баткен облусунун прокурору болуп Халмурзаев Абдибакыт Алыбаевич дайындалды.

Маалым болгондой, анын бул кызматка дайындалышы боюнча тиешелүү буйрукка башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов  кол койду.

 А.Халмурзаев эмгек жамаатка 11-май күнү тааныштырылды.

Белгилей кетсек, 51 жаштагы Халмурзаев 2017-2018-жылдары Бишкек шаарынын прокурору болуп иштеген.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Ошондон кийин бул кызматты Ороз Бердибаев аткарып турган.

Жаңы дайындалган прокурор – өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы өкүлү Абиш Халмурзаевдин бир тууган иниси.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *