Баткен: Тажикстан тактала элек аймакта жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин токтоткон жок

Мезгил

Тажикстан тарап Ворух анклавында чек арада тактала элек аймакта жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин токтоткон жок жана кайрылууларга да жооп бере элек. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кеңеш Салихов билдирди.

Анын айтымында, тактала элек чек ара аймактарында курулуштарды жүргүзүү 2014-жылкы эки тараптуу макулдашууга каршы келери жана курулуштар мыйзамсыз жүрүп жатканын эскертип тажик тарапка расмий билдирүү берилген. Бирок Тажикстан тарап курулушту токтоткон эмес жана кайрылууларга да жооп бере элек.

– Тажик тарап төрт жерде Максат айылы менен чектеш жердеги объектиде, Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогунан сырткары Ворух анклавында, жана ошондой эле  чек арада тактала элек Кык жана Чурган Баба деген аймакта 14-сентябрда чек ара аскерлерине тиешелүү курулуш иштерин жүргүзүп жатат-деди Салихов.

Ак-Татыр айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Санжарбек Исаков учурда курулуш иштери токтобогондугун, депутаттар  маселени чечүү боюнча президентке, өкмөт башчыга, Жогорку Кеңештин төрагасына, тийиштүү кызматтарга кайрылуу жолдогондуктарын айтат.

– Учурда курулуш иштери токтогон жок. Мунун натыйжасы бир топ кыйынчылыктарды алып келет. Ошондуктан бул курулушту токтотуу зарыл-деди Исаков.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *