Баткен жана Ош облустарына Бишкектен медицина кызматкерлери жөнөп кетти

  Мезгил

Баткен жана Ош облустарына Бишкектен медицина кызматкерлеринин дагы бир тобу жөнөп кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

 Маалым болгондой  бүгүн, өлкөдөгү коронавирустун очогу болгон аймакка өз ыктыяры менен баруу ниетин билдирген медицина кызматкерлери жолго чыкты. Курамында эпидемиолог, анестезиолог-реаниматологдор жана жугуштуу оорулар менен күрөшкөн адистер бар.

Алар аймактарда бир ай бою кызмат өтөшөт. Муну менен ордо калаадан региондорго алтынчы бригада кетти. Учурда Кыргызстанда вирус аныкталган адамдардын жалпы саны 419ду түзөт.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *