Баткенде аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан ири партиядагы чылым аныкталды

Мезгил

Баткен облусунда аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан ири партиядагы чылым аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой,  бажы кызматкерлери «Ниссан» үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүү маалында акциздик маркасы жок чылымдарды таап чыгышкан.

3 миң даана Milano Paris чылымы, 162 миң даана Milano New York жана 87 миң даана Milano London чылымы аныкталды. Айдоочу товардын тиешелүү документин көрсөтө алган жок. Товардын жалпы баасы 630 миң сомго бааланды. 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *