Баткенде дарыгерлер жапырт иш ташташты

   Мезгил

Баткендин облустук ооруканасында эмгектенген дарыгерлердин 92%ы жумуш таштаган. Бул тууралуу 31-октябрда парламент жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев айтып чыкты.

“Бул эң коркунучтуу абал. Алар эмне себептен жумуш таштагандыгынын  10 себебин аташкан. Президент, парламент, өкмөт алардын көйгөйлөрүнө көңүл бурсун деп жатышат. Андай көйгөйлөр бардык облустардагы медицина тармагында бар. Саламатыкты сактоо министри өз тармагындагы көйгөйлөрдү билбейт окшойт”, – деди депутат.

Белгилей кетсек, билдирүүдөн кийин Баткен облусундагы бийлик өкүлдөрү медиктер менен жолуккан. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги оорукана штаттык режимде иштеп жаткандыгын билдирген. Ал эми оорукананын башкы врачы Нурлан Салиевдин айтымында массалык жумуштан кетүүнүн себептери көп. Алар: айлык акынын аздыгы, тынымсыз текшерүүлөр, кредит менен ипотека алууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу, таза суу көйгөйү ж.б.

Министрликтин айтымында медиктер иш ордуна кайра барышып, элди кадимкидей тейлеп жатышыптыр. Алар болгон көйгөйлөрүн, талаптарын облус жетекчилигине айтышып, маселе жергиликтүү деңгээлде чечилип жатыптыр. Маалыматка ылайык 52 медкызматкердин 48и иш таштоо боюнча арызын жазган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *