Баткен: «Кенчилер-Береке» шахтасында төрт адам газга ууланып каза болду

  Мезгил

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы «Кенчилер-Береке» шахтасында төрт адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.  

Билдирмеге ылайык, окуя 23-июнь күнү болгон.

Кенчилер-Береке» шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен үч эркек киши жана бир аял газга ууланып каза болгон. Алардын сөөгүн шахтадан ӨКМ кызматкерлери алып чыгып, Сүлүктү шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен. 

Көз жумгандардын бири 19 жашта болсо, калгандары 37, 73, 34 курактагы жарандар экени маалым болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *