Баткендик Асылбек Каримовду тажик чек арачылары алып кеткенби?

 Мезгил

Баткен районунун Тажикстан менен чек арада жайгашкан Таштумшук айылынын тургуну Асылбек Каримов 5 күндөн бери изделүүдө. Акыркы жолу ал Тажикстандын Чаркөө базарына барып, ал жактан кайрылып келген эмес. Бул тууралуу маалыматты Баткен ОИИБсынан да ырасташты. Алардын маалыматында 24-октябрь күнү Асылбек Каримовдун Тажикстандын Чаркөө базарына кетип, кайра кайтып келбегендиги маалым болгон. Аны Тажикстандын укук коргоо органдары кармашып, белгисиз жакка алып кеткендиги тууралуу айтышты.

26-октябрда Ортобоз айылында Тажикстандын автожолун жергиликтүү жашоочулар Асылбек Каримовду кайрып берүү талабы менен тосушкан. Бирок түшүндүрүү иштеринен соң жол ачылган.

Мындай окуялар биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин кыргыз жарандарын тажик тараптын укук коргоо кызматкерлери алып кеткендиги боюнча 3 окуя болгондугун ОИИБ маалымдаган. Учурда эки тараптын чек арачылары жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Анда Асылбек Каримовдун чек ара режимин бузгандыгы дайын болуп, айып пул төлөгөндөн кийин бошотулары белгилүү болду.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *