Батукаевди качыргандар боюнча сотко Атамбаев “уялып” келбей койду

Мезгил

Бүгүн “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу иши боюнча Биринчи май райондук сотунда алдын ала угуулар башталды. Сот иши жабык өтүп, ага журналисттер киргизилген жок. Иш боюнча 14 киши шектүү деп табылып, алар күбө катары суракка чакырылып, тергөө менен кызматашууга барган. Башкача айтканда Атамбаев баш болгон топко карата каршы көрсөтмө беришкен. Сот жараянына судья Эмил Каипов төрагалык кылууда.

Сот жараянына башкы айыпкер катары аты аталып келе жатккан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана ЖАМКнын мурдагы төрагасы Калыбек Качкыналиев келген жок. Кыязы Атамбаев сотко келгенден “уялып” жатса керек. Бирок анын жактоочусу Сергей Слесарев жүрдү.

Атамбаевдин жактоочусунун журналисттерге берген маалыматына таяна турган болсок Батукаевдин иши боюнча тергөө менен кызматташууга барган 14 айыпталуучуга чоң суммадагы айып пул салынышы мүмкүн.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *