Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум кийинкиге жылдырылды

Мезгил

 Бүгүн, 29-ноябрда  кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотуна алып келинди.

 Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдун айтымында, айыпталуучуну сотко мажбурлап алып келишти. Бирок процесс 6-декабрга жылдырылды. Тараптар иштин материалдары менен таанышууга убакыт сурашты. 

 Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди 8-августта ИИМдин атайын операциясы тарабынан кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камашкан. Ал эми  25-октябрда мурунку президенттин соттук иши каралып сот дагы эки айга камакка калтыруу чечимин кабыл алган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *